Панфилов районунун, Курама айыл өкмөтүнө караштуу Панфилов айылына 102 миллион сомго таза суу киргизүү иштери жүрүп жатат.

13-11-2018 12:46

Жылда өтүүчү "Жаштар-ынтымагы" Панфилов районун Киров айылында өттү. быйыл 13 спорттук мелдеши болду.

28-08-2018 12:30

20 июнь Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Райымкулов Бактыбек Кемелбековичтин демилгеси менен көтөрүлгөн Жалпы дарыгерлик борборундагы лифтинин ачылыш аземи болууда.

20-06-2018 17:28

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Райымкулов Бактыбек Кемелбекович 1 июнь эл аралык балдарды коргоо кунуно карата мекенибиздин кичинекей жарандарын майрамы менен куттуктап ошондой эле Чуй облусунун Панфилов районунун тургундары, балалык цебралдык шал оорусуна чалдыккан 6 жаштагы Турарбекова Аминага жана Асанкулов Амальга мумкунчулугу чектелген балдарга ынгайлаштырылган заманбап коляскаларды жана акчалай жардам тапшырды.

01-06-2018 12:23

Фергана шаарында Өзбекстан менен Кыргызстан парламенттеринин кызматташтыгы боюнча парламенттер аралык комиссиянын биринчи отуруму 2018 жылдын 29 май куну отту. Жумуш сапар менен Фергана шаарында өткөн отурумда парламенттер аралык кызматташтык мамилелерди бекемдөөдөн тышкары, чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө, соода-экономикалык алакаларды арттырууга, туризм тармагын өнүктүрүүгө, айыл чарбасына тийиштүү маселелер кенири талкууланды. Кыргыз-өзбек темир жолун жандандыруу жаатында сөз жүрдү.

31-05-2018 10:02

Сегодня, 31 мая, депутат фракции «Республика-Ата Журт» Бактыбек Райымкулов встретился с торага и представителями айылных кенешей Московского района Чуйской области. В ходе встречи обсуждались острые вопросы, касающиеся всего Московского района. По результатам встречи Бактыбек Райымкулов взял на заметку все озвученные проблемы каждого айылного округа и отметил, что в скором времени будут приняты меры для их разрешения.

31-05-2018 10:00

Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайм! 9-май – ар бир кыргызстандык үчүн өзгөчө майрам, үй-бүлөлүк майрам, ыйык майрам. Биз бүгүн Улуу ата мекендик согушта жана оорукта Жеңишке салым кошкон ардагерлерге башыбызды ийип, таазим этебиз. Экинчи дүйнөлүк согуш тарыхтагы эң кандуу, ошону менен катар адамзатка улуу сабактарды калтырган окуя болду. Бул бир улутту башка улуттан жогору койбош керектигин, курал менен башканы багынтуу мүмкүн эместигин, жер шарында Тынчтыктан улук бир дагы дөөлөт жок экенин бардык элдердин эсинен чыккыс сабак кылып калтырган. Аталарыбыз башын сайып, бизге, кийинки муундарга алып келген Тынчтыкты, Эркиндикти көзүбүздүн карегиндей сактайлы! Арабызда калган согуш жана эмгек ардагерлерине камкордук көрүп, алардан жылуу сөз, жардам аябайлык. Тилекке каршы, төшүнө орден-медалдар толо, арабызда жайкалып турган карыяларыбыздын катары күн сайын суюлуп баратат. “Баатырдын өмүрү кыска, атагы узак” деген сөз бар. Дүйнө тарыхындагы эң кандуу согушта жер жазданган жана азыр да арабызда жүргөн ардагерлердин аты эч качан унутулбашы керек! Улуу Жеңиш биринчи кезекте көп улуттуу элибиздин биримдигинин жана ынтымагынын аркасында камсыз болгонун эч качан эстен чыгарбайлы. Достугубузду, эл ынтымагын арттыралы. Ынтымак, тынчтык жана туруктуулук эгемендүү Кыргызстандын жаркын келечегин камсыз кылууда эң негизги шарттардын бири экендигин унутпайлы. Даңктуу тарыхыбызды урматтайлы. Улуу муундун өлбөс-өчпөс эрдигин эч качан эстен чыгарбай, алардын жолун татыктуу уланталы. Асманыбыз ачык болсун! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин!

10-05-2018 11:20

7-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева жана экс-президент Роза Отунбаева Апрель элдик революциясынын күнүнө арналган иш-чарага катышты. Алгач "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине гүлчамбарлар коюлуп, курман болгондорго багышталып куран окулду. Ошондой эле эскерүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, 2010-жылы 7-апрелде каза болгондордун туугандары жана Апрель революциясынын катышуучулары барды. Андан соӊ Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊеш депутаттары 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында эл эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү Монументине гүл коюшту.

07-05-2018 09:54

Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айыл аймагында жайгашкан “Жунда” мунай кайра иштетүүчү заводу бар. Тегерек четтеги айылдар менен заводдун ортосундагы санитардык норма - 1 чакырымдык узактыкта жайгашуусу керектиги тиешелүү ченемдерде белгиленген. Бирок, эмнегедир санитардык норма заводдун ортосунан башталып эсептелип жатат. Ага кошумча аталган завод жетекчилери завод тегерегине бак-дарак тигүү боюнча алган милдеттемесин аткарбай келет. Бул тууралуу депутат Бактыбек Райымкулов айтып чыкты. Ал мындан сырткары, “ГазпромКыргызстан” ишканасы Чүй облусунун 4 районунун жерлери аркылуу газ түтүктөрүн алып өткөндүгүн, ага жерлерин берген жарандарга убадаланган компенсация төлөнө электигин кошумчалады. Аталган “Жунда” мунай кайра иштетүүчү заводу түн бир оокумда жагымсыз жыт чыгарарын депутат Бакирдин Субанбеков жергиликтүү элдин атынан айтып келет. Бул ирет дагы депутат маселе көтөрүп, “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт” дегендей, учурунда заводдун өкүлдөрүн, жергиликтүү элди бир ортого чогултуп, маселени чечпесе жыйынтыктары кейиштүү болуп калышы мүмкүндүгүн эскертти. “Кен байлыктар өлкө экономикасын көтөрө турган ички ресурс”, -деген депутат Талант Мамытов “Жерүй” алтын кенине токтолду. Ал “Жерүйдү” иштетүү үчүн тендерден утуп алган “Альянс-алтын” компаниясы курулуштарын эмдигиче баштай электигин айтып, “Кумтөр” алтын кенин иштетүүдөгү жагымсыз окуялар кайталанбашы үчүн “Жерүй” боюнча түзүлгөн келишимдерди азыртандан карап чыгуу керектигин билдирди. Депутат Жыргалбек Турускулов Нарын облусунун Жумгал районун тургундарынан келген каттын мазмуну менен тааныштырды. Анда жергиликтүү эл Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу жакшы жүрбөй жатканы айтылган. “Бюджеттен каражат деги каржыланган экен, бул жолдун Кочкор-Арал участогунун курулушу ыкчамдатылса”,- дейт эл өкүлү.

07-05-2018 09:52