Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1975-жылы 25-октябрда Талас облусунун Ак-Сай айылында төрөлгөн;

1994-жылы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык Олимпиадалык Резерв окуу жайын аяктаган;

2007-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин экономика факультетин бүткөн;

2011-жылы Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия жана спорт Академиясын аяктаган;

Эмгек жолун 1995-жылы Республикалык олимпиадалык резерв балдар жана өспүрүмдөр күрөш спорт мектебинде эркин күрөш боюнча окутуучу- машыктыруучу болуп баштаган;

2004-2008-жылдары Республикалык олимпиадалык резерв балдар жана өспүрүмдөр күрөш спорт мектебинде эркин күрөш боюнча окутуучу- машыктыруучу болгон;

2008-2009 Республикалык олимпиадалык резерв балдар жана өспүрүмдөр күрөш спорт мектебинде окуу-машыгуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген;

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын эркин курош боюнча улуттук командасынын ага машыктуручусу болгон;

2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Окмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик Агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген;

2012-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Окмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик Агенттигинин директору болуп кызмат өтөгөн;

2013-жылдан бери Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын вице-президенти;

2009-жылы Кыргыз Республикасынын жылдын мыкты машыктыруучусу болгон. Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону;

1991-жылы уландардын СССР биринчилигинин жеңүүчүсү болгон;

1992-жылы Шериктеш өлкөлөрдүн эркин күрөш боюнча биринчилигинде күмүш медаль уткан;

2017-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын кыздар күрөшүнүн ага машыктруучусу;

2018-жылы Кырыгыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу;

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Дене тарбиясынын эмгек синирген кызматкери;

2021-жылы Кыргыз Республикасынын “Данк” медалы менен сыйланган.