1985-жылдын 22-ноябрында Фрунзе шаарында туулган.

Билими жогорку. 2007-жылы Кыргыз-Орус Б.Н. Ельцин атындагы университетинин экономика факультетин бүтүргөн.

01.2009-04.2009-жылдары Бишкек шаарынын Ленин районунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын  инспектору болуп эмгектенген.

06.2009-02.2010-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн, Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн адиси.

 02.2010-05.2010 жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын  УКП  адиси.

2010-жылы  жеке ишкер.

28.08.2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы.