Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1988-жылдын 22-декабрында Чүй облусунун Токмок шаарында төрөлгөн;

Жогорку билимдүү. 2005-2011 – Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети, «Конституциялык укук» адистиги;

2008-2009 – англис тилин тереңдетип үйрөнүү курсу (Сан-Франциско, АКШ);

2011-2014 – Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, «Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруудагы менеджмент» адистиги;

2015-2018 – «Восход и Ко» ЖЧКсынын коммерциялык директору;

2016-2021 – Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты;

2018 – Бишкек шаардык кеӊешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары;

2018-2021 – Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы;

2021-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетине аспирантурага тапшырган;

2021-жылдын 29-декабрында № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.