1974-жылы 19-мартта Талас областына караштуу Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылында туулган. Жогорку билимдүү;
2007-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетине тапшырып, 2013-жылы инженер-механик адистигин алып ийгиликтүү аяктаган;
2016-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Юриспруденция» бөлүмүн аяктаган;
1993-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Армиясында жоокердик милдетин аткарган;
2005-2010-жылдары ОАО «Ак-Жолтой» мекемесинде иштеген;
2010-2011- жылдары Бишкек шаардык мэриясына караштуу транспорт башкармалыгынын КТП бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп иштеген;
2011-2013-жылдары ЖЧК «АИИД-Сервис» фирмасында директордун орун басары болуп эмгектенген;
2013-2015-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин районуна караштуу Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген;
2016-2017-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин XXVI-чакырылышынын депутаты болуп эмгектенди;
2017-2021-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин XXVII-чакырылышынын депутаты, 2018-жылдан баштап Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланган;
2021-жылы «Ишеним» партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды;
Үй бүлөлүү, үч кыз, бир уулдун атасы.