Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1958 – жылы 20-декабрь күнү Ош областынын Ноокат районундагы Кыркол айылында, туулган;

1975-жылы III - интернационал орто мектебин бүтүргөн;

1980-жылы Фрунзе шаарындагы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин  “математика мугалими” адистиги боюнча бүтүргөн;               

1988-жылы Алма-Ата шаарындагы Жогорку партиялык мектептин атайын курсун аяктаган;

1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн, адистиги «юрист-укук таануучу»;

1975-1976 -жылдары Ноокат районундагы Россия колхозунун сүт-товар комплексинде «Таң шооласы» комсомолдук жаштар бригадасын жетектеп, оператор бригадир болуп өзүнүн алгачкы эмгек жолун баштаган;

1980-1981- жылдары К.Жакыпов атындагы орто мектептин математика мугалими;

1981-1983 - жылдары комсомолдун Ноокат райондук комитетинин бөлүм башчысы, катчысы;

1983-1988-жылдары ЛКЖСтин Алай райондук комитетинин бөлүм башчысы, катчысы;

1988-1989-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Алай райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн кадр иштери боюнча инструктору;

1989-1990-жылдары Эл депутаттарынын Алай райондук кеңешинин аткаруу комитетинин жоопту катчысы;

1990-1991-жылдары Эл депутаттарынын Алай райондук кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары;

1991-1992-жылдары Кыргызстан коммунисттик партиясынын Алай райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инструктору, Алай райондук партия комитетинин III – катчысы, Алай районунун жер маселелери боюнча комитетинин инспектору;

1992-1994-жылдары Алай районунун Гүлчө айылынын Парманас атындагы орто мектебинин директору;

1994-1995-жылдары Алай райондук мамлекттик адмниситрация башчысынын социалдык экономикалык маселелер боюнча орун басары;

1995-2002- жылдары “Мөл-Булак” ишканасынын жетекчиси;

2002-2010-жылдары жеке менчик тигүү ишканасынын жетекчиси;

Эл депутаттарынын Гүлчө айылдык Кеңешинин депутаттыгына бир жолу жана Алай райондук Кеңешинин эки жолку депутаты болуп шайланган;

2010- жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V- чакырылышынын депутаты;

2010-жылдын ноябрына чейин Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин мүчөсү;

2014-жылдын мартына чейин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин мүчөсү;

2014-2015-жылдары Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары;

2015-2021–жылга чейин “Мээримбек" кайрымдуулук фондунун президенти;

2021–жылдын 28-ноябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VII–чакырылышынын депутаты; 

2022 – жылдын январь айынан Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү;

Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекттик кеңешчиси;

Үч уул жана 12 неберенин сүйүктүү энеси.