1971-жылдын 11-сентябрында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында жумушчунун үй бүлөөсүндө туулган;
1978-жылы Гүлчө айылындагы Макаренко атындагы орто мектебинин босогосун аттап, 1988-жылы 10-классты академик Муса Адышев атындагы орто мектебинен ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы жолдонмо менен Алай автобазасына автослесарь болуп жумушка орношуп, 1989-жылга чейин эмгектенген;
1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында Германия Демократиялык Республикасында кызмат өтөгөн;
1991-1992-жылдары Ош жер-жемиш комбинатында сатуучу болуп иштеген;
1992-1995-жылдары Ош технологиялык техникумунун бухгалтердик факультетинде окуп билим алган;
2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн;
Жогорку окуу жайдан билим алган соң 2004-жылдан баштап Гүлчө айылында чакан ишканада жетекчи болуп эмгектенген;
2008-жылдын 5-октябрында болуп өткөн жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоодо №6 жети мандаттуу Гүлчө шайлоо округунан райондук Кеңешке депутат болуп шайланган. Ушул эле жылдын 14-октябрында Алай райондук Кеңешинин II чакырылышынын I уюштуруу сессиясында альтернативдик негизде жашыруун добуш берүү жолу менен райондук Кеңештин төрагалыгына койгон 5 талапкердин ичинен Алай райондук кеңешинин төрагасы болуп шайланган;
2012-жылдын 8-февралынан 2015-жылдын декабрь айына чейин Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп иштеген. 2015-жылдын 9-декабрынан тартып 2018-жылдын 24-июлга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып, эмгектенген;
2018-жылдын 24-июлунан тартып Ош шаарынын мэрлигине талапкерлиги көрсөтүлүп, Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын 45 инин 44ү ага ишенип көрсөтүп, Ош шаарынын мэри болуп шайланган. Бул кызматта 3 жыл эмгектенген;
2021-жылдын 2-августунда ротация жолу менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, 12-августунда өз каалоосу менен кызматты тапшырып берген;
Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилик кызматтарды аркалап, жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен 2020-жылы сыйланган;
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызматынын отличниги” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын “Өз ара аракеттенишүү жана кызматташтык үчүн” төш белгиси (2019-ж), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын “Кыргыз Республикасынын Финансы полициясына 25 жыл” юбилейлик медалы (2019-ж.), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын “Салыктык кызматташтыкты чыңдоо үчүн” медалы (2020-ж.), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын “Ардак белги” төш белгиси (2021-ж.), Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин “Эмгек сиңирген үчүн” медалы (2020-ж.), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгилери менен (2019-ж.) сыйланган;
Үй-бүлөөлүү, 4 баланын сүйүктүү атасы.