19–август 1969-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.
Билими жогорку. 1986-жылы Москва шаарындагы Мичурин атындагы мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырып, 1991-жылы БГУну бүтүргөн;
2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынынын Юриспруденция адистигин аяктаган;
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын Эл аралык мамилелер адистигин бүтүргөн;
1991-жылы Жалал-Абаддагы Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн (ЗАГС) жетектөөчү адиси;
1995–2010-жылдары «Палван» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
1998–2010-жылдары «Алмаз» акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы;
2000–2001-жылдары Кыргызстан аялдар конгрессинин түштүк регион боюнча президенти;
2003–2005-жылдары «Кыргыз соода биримдиги» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
2005-жылы «Экогармония женщин» коомдук бирикмесинин түзүүчүсү;
2004-жылы Азия боюнча (азиялык) «Алыш» белбоо күрөш федерациясы коомдук уюмунун президенти;
2005-жылы Эл аралык «Алыш» белбоо курөш федерациясынын ардактуу президенти;
2010-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V чакырылышына «Республика» саясий партиясынан депутат болуп шайланган.
2011-жылы Жаштар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү комититетинин төрайымы;
2011–2013-жылы Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
2012-жылы Республика фракциясынын лидеринин орун басары;
2013–2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин төрагасынын орун басары;
2015-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланган;
2016-жылы Конститутциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрөгасынын орун басары;
2016-жылы Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри;
Наамдары, сыйлыктары жана класстык чини:
Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, 2011-жылы
Орто Азия Элдеринин тарыхы институтунун Академиги.
Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы.
«ФИЛА» ордени менен сыйланган.