1986-жылдын 28-августунда Чүй облусундагы Кемин районуна караштуу Ильич айылында туулган;
2004-2009-жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде "Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча жогорку билим алган;
2011-2014 жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде" Экономика жана ишкана башкаруу" адистиги боюнча экинчи жогорку билимин алган;
Эмгек жолун 2009-жылдын 2-октябрынан баштап «Транс Азия» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары катары баштап, бул кызматта 2010-жылдын 19-январына чейин эмгектенген;
2010-жылдын 1-февралында Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) Бишкек шаарындагы Биринчи Май району боюнча башкармалыгында Салыктарды өндүрүү бөлүмүнүн юридикалык жактар секторунун инспектору болуп дайындалган;
2012-жылдын 10-сентябрында Салык карызын өндүрүү башкармалыгын мажбурлап өндүрүү секторунун инспектору кызматына которулуп, 2015-жылы Салык карызын өндүрүү башкармалыгынын мажбурлап өндүрүү секторунун улук инспектору болуп дайындалган. 2020-жылдын 11-сентябрында бул кызматтан өз арызынын негизинде бошотулган.
2021-жылдын 14-апрелинен тартып Саткынбай Тентишев атындагы Азиялык медицина институтунун негиздөөчүсүнүн ишенимдүү өкүлү болуп эмгектенген;
2021-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган;
2021-жылы «КЕМЕНГЕР» Ардак белгиси менен сыйланган;
Үй бүлөлүү, үч баланын атасы.