1968-жылдын 14-февралында Ош облусунун Сузак районундагы Кара-Жыгач айылында туулган;
1986-жылы Украинадагы Хмельницк Технологиялык институтуна тапшырып, «Инженер-механик» факультетинде кесиптик билим ала баштаган;
1986-1988-жылдары Германияда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1988-1992-жылдары жогорку окуу жайда окууну улантып, «Инженер-механик» адистигине ээ болгон;
1992-1993-жылдары Жалал-Абад шаарынын Жалал-Абад алкоголсуз сыра бирикмесинде «микробиолог» кызматында иштөө менен эмгек жолун баштаган;
1995-1998-жылдары Кыргыз Мамлекеттик университетинде сырттан окуп, «Юриспруденция» адистиги боюнча экинчи жогорку билимдин ээси болгон;
1996-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кадрларды даярдоо борборунда «Укук таануу» адистиги боюнча толук курсту аяктаган;
1994-жылдан 2003-жылга чейин ишкерлик менен алектенип, анын негизинде көптөгөн адамдарга иш орун түзгөн;
2004-2005-жылдары Жалал-Абад шаарынын «Достук» Коомдук аймактык башкармалыгынын башчысы кызматында эмгектенген;
2004-жылдан тартып 2008-жылга чейин Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаты болгон;
2021-жылы “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланды;
Жалал-Абад шаарындагы «Жеӊиш-Достук» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси. Фонд балдар үйлөрүнө, интернаттарга, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдөгү балдарга жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, карылар үйүнө дайыма жардам берип келет;
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.