Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1982-жылы 12-мартта Фрунзе шаарында туулган;

Жогорку юридикалык жана жогорку экономикалык билими бар. 2006-жылы Ички иштер министрлигинин академиясын артыкчылык диплому менен аяктаган. «Юриспруденция» адистиги боюнча генерал-майор Э. 2003-жылы «Princess college» (Лондон, Улуу Британия) англис тилин тереңдетип окуган. 2012-2016-жылдары Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Экономика факультетинде «Финансы жана кредит» адистиги боюнча билим алган. 2020-жылы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин «Экология жана жаратылышты пайдалануу» адистиги боюнча магистратурага тапшырган;

Эмгек ишмердүүлүгү:

2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Финансылык полиция кызматынын тергөө башкармалыгы, тергөөчү;

2010-2011-жылдары Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы, экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги;

2011-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

07.2012-11.2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;

2014-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгы, м.а. бөлүм башчысы;

2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгы, аппарат жетекчисинин орун басары;

2016-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, Аппарат жетекчисинин орун басары - Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги.

2018-10.2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары.

2022-жылдын февраль айында «Альянс» саясий партиясынан VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.