Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1963-жылдын 15-майында Кытай Эл Республикасынын Кульджа шаарында туулган. 1982-жылы Кульджа шаарынын 5-орто мектебин аяктаган. 

Жогорку билимдүү. 1987-жылы Синцзян Университетинин География факультетин бүтүргөн. 1993-1994-жылдары Бишкек Гуманитардык билим жана тилдер институтунуну  тилдер борборунда билим алган.

1987-1991-жылдары Кытай илимдер академиясынын География жана экология институтунда иштеген.

1993-1994-жылдары Бишкек Гуманитардык билим жана тилдер институтунда (азыркы БГУ) кытай тилинен сабак берип эмгектенген.

1994-жылы “Кыргызспорткамсыздандыруу” республикалык башкармалыгында спорттук делегациянын котормочусу.

1995-2015-жылдары жеке ишкер катары иш алып барып келген.

2013-жылдан тартып ОсОО “Норвест Майнинг Компани”түзүүчүсү жана директору болуп эмгектенген, 15.10.2015-ж. ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетип, акциялар ишеним башкармалыгына өткөрүп берилген.

2015-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты.

1991-жылы 8-июнда Кыргызстанга  үй-бүлөсү менен келип, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон.

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин «Мекенчил»төш белгиси менен сыйланган.  

Улуту кыргыз. Үй-бүлөсү бар, үч баланын атасы.