Пирматов Исхак Айтбаевич

0312 63-85-40

Соц.түйүндөр:

Кайрылуу

1973-жылы 16-ноябрда Фрунзе шаарында туулган.

Жогорку билимдүү.

2000-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин,2008-жылы Бишкек каржы-экономикалык академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолун 1995-2005-жылдары курулуш жана коммерциялык компанияларда жетекчилик кызматтарда иштеп баштаган.

2000-2001-жылдары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн.

2005-2006-жылдары «Кыргызмунайгаз» Ачык акционердик коомунун маркетинг жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары.

2006-2008-жылдары «Кыргызмунайгаз» ААКсынын маркетинг жана материалдык- техникалык жактан камсыздоо боюнча башкармалыгынын башчысы.

2007-2008-жылдары «Кыргызмунайгаз» ААКсынын башкармалыгынын мүчөсү болгон. 2008-2010-жылдары «Кыргызмунайгаз» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы.

2010-жылы октябрда V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты.

2010-2011-жылдары Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы.

2011-2012-жылдары Жогорку Кеңештин Экономиканын тармактарын өнүктүрүү комитетинин төрагасы болгон.

2012 -2015-жылдары Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

2015-жылдын 4-октябрында «Бир Бол» саясый партиясынан  VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган.

2017-жылдын     17-декабрынан баштап Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы.

"Мамлекеттик кызматтын III-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" классык чини ыйгарылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ардак грамотасы менен,  Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын "Шериктештик" ордени менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.