Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1966-жылдын 26-июльда Ош областынын Ленин жолу айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1989-жылы Ж.Баласагын атындагы кыргыз клуттук книверситетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин «филолог» адистиги боюнча, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын менеджмент багыты боюнча магистр академиялык даражасын, ал эми 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын «юрист» адистиги боюнча, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1989-жылы республикалык Динамо коомунда самбо күрөшү боюнча улук машыктыруучу болуп иштөө менен баштаган.

1991-1992-жылдары ички иштер органында кызмат өтөгөн. 1992-1994-жылдары Каракол шаардык жол курулуш башкармалыгынын материалдык-техникалык тейлөө кызматынын улук инженери.

1994-1998-жылдары «БН ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун коммерциялык иштери боюнча орун басары;

1998-1999-жылдары түндүк темир жол бажысынын инспектору;

1999-2001-жылдары түндүк темир жол бажысынын улук инспектору;

2001-2005-жылдары түндүк темир жол бажысынын башкы инспектору;

2005-2006-жылыдары Токмок бажысынын жетекчи;

2006-2007-жылыдары түндүк темир жол бажысынын жетекчиси;

2007-2008-жылдары Бишкек бажысынын жетекчиси;

2008-2009-жылдары түндүк тимир жол бажысынын жетекчиси;

2009-жылдын 30-декабрына чейин Мамлекеттик бажы комитетинин торагасынын орун басары болуп дайындалган.

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер министринин буйругуна ылайык, Өкмөт алдында кайра түзүлгөн Мамлекеттик бажы кызматынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

2013-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп кайрадан дайындалган.

2015-жылы «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Спорттун дзюдо түрү боюнча чеберлер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Дзюдо жана самбо күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.