1972-жылдын 25-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган;
Жогорку билимдүү. 1996 жылы Ош технологиялык университетин “автомобиль жана автомобилдик чарба” адистиги боюнча бүтүргөн;
2010 жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын магистратурасын “менеджмент” адистиги боюнча аяктаган;
Эмгек жолун 1993-2002 жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан баштаган;
2008-2010-жылдары Ош облусундагы Миграция жана жумуштуулук боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеген;
2010-2012 жылдары Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин Ош областтык башкармалыгынын начальниги болгон;
2012-2013 жылдары Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Түштүк боюнча координатору, миграциялык саясат башкармасында бөлүмдүн начальниги кызматын аркалаган;
2013-2015 жылдары Миграция министирлигинин саясат башкармалыгынын түштүк регону боюнча чет өлкөлүк жумушчу күчү менен иштөө бөлүмүнүн начальниги кызсатын аркалаган;
2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасынын орун басары;
2021-жылы Кыргыз Республиксынын Жогорку Кенешинин VII чакырылыштагы депутаты болуп шайланган;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы;
Мамлекеттик кызматтын 2 класстагы кеңешчиси;
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.