Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

1981-жылы 24-мартта Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимдүү.

2002-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин «Автоматташтыруу жана башкаруу» адистиги боюнча аяктаган – бакалавр даражасы.

2003-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин «Автоматташтыруу жана техникалык системаларды башкаруу» адистиги боюнча аяктаган –   магистратура даражасы.

2011-жылы Кыргыз экономикалык университетин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча бүтүргөн.

2012-жылы «Адам ресурстарын башкаруу» Сингапур.

Иш тажрыйбасы:

2003-2004- жж. – КР Социалдык фондунун Программалык камсыз кылуу бөлүмү -  жетектөөчү адис;

2004-жылдын март айынан ноябрь айына чейин - КР Социалдык фондунун Программалык камсыз кылуу бөлүмү -  башкы адис;

2004-2006- жж. - КР Социалдык фондунун Программалык камсыз кылуу бөлүмү -  Бөлүмдүн  жетекчиси;

2006-жылдын апрель айынан декабрь айына чейин - КР Социалдык фондунун Маалыматтык системалар башкармалыгы - Башкармалыктын жетекчиси;

2006-2008- жж. - КР Экономика жана финансы министрлигинин  Маалыматтык камсыздоо бөлүмү – Бөлүм  башчысы;

2008-жылдын май айынан декабрь айына чейин – КР Финансы министрлиги - министрдин жардамчысы;

2007-2008-жж. – КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги - Министрдин жардамчысы;

2008-2009 - жж. – КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги - Министрдин кеңешчиси;

2009-жылдын март айынан ноябрь айына чейин - КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин Уюштуруу-кадр иштери жана финансылык камсыз кылуу башкы башкармалыгы – Башкармалыктын жетекчиси;

2009-2010- жж. – КР Өкмөтүнүн Аппараты – КР Өкмөтүнүн Биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси;

2010-жылдын август айынан ноябрь айына чейин - «Ар-Намыс» саясий партиясынын  Аппарат жетекчиси;

2010-2011 жж. – КР Жогорку Кеңеши – «Ар-Намыс» депутаттык фракциясынын бөлүм башчысы;

2011-2012 жж. – КР Экономикалык жөнгө салуу министрлиги -- статс-катчысынын милдетин аткаруучу;

2012-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин – КР Өкмөтүнүн Аппараты =-  Реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы;

2013-2016 жж. – «СУ-12» ЖАК Башкармалыгынын Төрагасы;

2016-2018 жж. – «Аллор Строй Сервис» ЖАКтын  Башкы директору;

2018-2021жж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын депутаты.

2021-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын «Ынтымак» саясий партиясынын депутаты, фракциянын лидери.

Сыйлыктары:

- "Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоонун отличниги" 

-«Кыргыз Республикасынын Финансылык-экономикалык кызматынын  отличниги»;

- «Соода-экономикалык кызматтын отличниги»;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы;

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин энчилүү  сааты менен сыйланган;

-Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы.

Класстык чени:

“Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” (2020 ж.),

“Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” (2023 ж.)

Самбо боюнча спорт чеберлигине талапкер.

Техникалык илимдердин кандидаты.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.