Өмүрбаяны
Айнура Аскарова 1976-жылы 9-октябрда Чүй облусунун Чүй районун Кегети айылында туулган
1998-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн, 2008-жылы Мамлекеттик башкаруу академиясын (Магистратура) жана 2019-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин "Политология" адистиги боюнча аспирантура бөлүмүн аяктаган.
Иш тажырыйбасы:
- 1998–2003 — "Эркин-Тоо" газетасынын кабарчысы;
- 2003–2005 — "Замандаш" журналынын шеф-редактору;
- 2005–2006 — Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы.
- 2006–2007 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын басма сөз катчысы;
- 2007–2011 — Бала багуу өргүүсүндө;
- 2009–2015 — "Замандаш" саясий кеңешинин мүчөсү жана маалымат бөлүмүнүн башчысы;
- 2011 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты;
- 2015 —"Кыргызстан" саясий партиясынын аялдар комитетинин куратору;
- 2016 —Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" фракциясынын эксперти;
- 2017–2018 — И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аймактык жана маданий изилдөөлөр кафедрасынын окутуучусу;
- 2017 – 2018 — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын кыргыз тили боюнча тартылган окутуучсу;
- 2018 – 2019 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" фракциясынын сектор башчысы;
- 2019 - "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
Дополнительно:
- 2015–2017 — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү;
- 2017–2018 — КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Үй-бүлөлүк абалы: никеси бар.