Исаев Тилектеш Каримович

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон: 0312-63-88-93

1972-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1995-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Бухгалтердик эсеп жана аудит факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1989-жылы Лейлек райондук сотунда соттук отурумдун катчысы болуп баштаган.

2000-2003-жылдары «Асур» ЖЧКсынын директору;

2003-2009-жылдары «ИНТЭК» ЖЧКсынын директору;

2010-2011-жылдары «Май-куйуучу комплекс «Манас» мамлекеттик ишканасында директордун орун басары;

2011-2015-жылдары ««Газпромнефть-Аэро Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директору;

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, бир кыз, эки уулдун атасы.