1980-жылы 8-ноябрда Жалал-Абад шаарында туулган;
Жогорку билимдүү. 2005-жылы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын жана
2023-жылы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетин аяктаган.
2005-2007-жылдары Ош шаардык перинаталдык борборунда клиникалык ординатор;
2007-2011-жылдары Ош шаардык төрөт үйүнүн акушер-гинеколог дарыгери;
2007-2012-жылдары ОшМУнун колледжинин окутуучусу;
2012-2014- жылдары ОшМУнун Медициналык факультетинин окутуучусу.
2011-2013-жылдары Ош шаардык төрөт үйүнүн тѳрѳт бөлүмүнүн башчысы;
2013-2014-жылдары Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары;
2014-2015-жылдары Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө акушер-гинеколог дарыгери;
2015-жылдан 2021-жылдын 17-декабрына чейин С.Жолдошев атындагы Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы;
2019-2020-жылдары Жалал-Абад облусунун төрөт кызматынын координатору;
2016-жылдан 2020-жылга чейин Барпы айылдык кеңешинин депутаты;
2021-жылдын февраль айынын баштап "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын тѳрагасы;
2021-жылдын 29-декабрынан баштап "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты;
2022-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин тѳрайымынын орун басары.
Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.