1971-жылы 12-декабрда Токмок шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн;
1989-1994-жылдары Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда окуп, агроном адистигине ээ болгон;
2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктап, юрист адистигин алган;
1994-1995-жылдары Кант нефтебаза ишканасында оператор кызматкери болуп эмгек жолун баштаган;
1995-2005 жылдары жеке ишкер;
2005-2021-жылдын декабрь айына чейин “ДиОА Шумкар” ЖЧК башкы директору;
2012-жылдан 2016-жылга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты;
2021-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча VII чакырылыштын депутаты болуп шайланган;
«TOMAT KG» үрөнчүлүк чарбасынын негиздөөчүсү;
Үй-бүлөлүү, 7 баланын атасы.