1967-жылы 2-мартта Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган;
1973-1983-жылдары Үч-Терек айылындагы Горький атындагы орто мектебинде билим алган;
1983-1984-жылдары Үч-Терек айылынын Маданият үйүндө көркөм жетекчи жана Шопоков атындагы совхоздо жумушчу болуп иштеген;
1984-1985-жылдары Фрунзе шаарындагы №3 кесиптик-техникалык окуу жайында окуган.
1985-1987-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1987-1992-жылдары Бишкектеги политехникалык институтунда билим алып, инженер-механик адистигине ээ болгон;
1992-1993-жылдары Өндүрүштүк тажрыйба бирикмесинде маркетинг боюнча инженер болуп иштеген;
1993-2014-жылдары КРнын Ички иштер органдарынын курамында инспекторлуктан тартып, Ош шаардык ЖКККБнүн башчылыгына чейин кызмат кылган;
2000-2010-жылдары Кыргыз-Россия Славян университетинин “юриспруденция” багыты боюнча сырттан окуу бөлүмүндө билим алган;
2011-2021-жылдары жеке ишкерлик менен алектенип, “КУБ” ЖЧКсын түзгөн жана жетектеген;
2021-жылдын декабрь айынан тартып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты;
Үй бүлөлүү, 4 уул 1 кызы бар.