Түз
эфир
1976-жылдын 2-июнунда Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Коммунист (учурда - Борбаш) айылында туулган.
Жогорку билимдүү:
1996 – 2003-жылдары Кыргыз Улуттук университетинин Юридикалык факультетинде окуп, аяктаган.
Эмгек жолу:
2002 – 2008-жылдары – жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси;
2012-жылы – Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, вице-спикер кызматын аркалаган;
2014 – 2021-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
2023-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.