Өмүрбаяны
1970-жылдын 1-октябрында Жалал-Абад облусунунЖалал-Абад шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1993-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинине карашту Дипломатиялык академияны бүтүргөн.
Эмгек жолун 1993-жылы «Ош-Интур» туристтик фирмасынын директорунун орун басары болуп иштөөдөн баштаган. 1996-жылдан 1999-жылга чейин - Кыргызстан боюнча “MalabarTradingGoLTD” компаниясынын директорунун орун басары болгон. 1999-2000-жылдары - «Талас-Ош» ЖЧКсынындиректорунун орун басары.
2002-2003-жылдары – «Ош-Арагы» ЖЧК компаниясынын жетекчиси. 2003-жылдан 2004-жылга чейин «Алтын-Суу» АК башкармасынын төрагасы болуп иштеген. 2004-2008-жылдарры - «Даннур-Юг» ЖЧКнун директору. 2005жылдан 2008-жылдары - «Түштүк курулуш материалдар комбинаты» ЖЧКнын башкы директору.
2000-2005-жылдары - Ош облустук кеңешинин депутаты, 2007-2008-жылдары - Ош шаардык кеңешинин депутаты;
2008-2010-жылдары IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2010-жылдын октябрында V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
КР энергетикасынын отличниги.
КМШ ПАА, КР ЖК грамоталары менен сыйланган.