Орозова Карамат Бабашевна 1958- жылы 16-апрель Ош областынын Баткен районунун Баткен айылында төрөлгөн. Билими жогорку, улуту кыргыз. 1979 - жылы Ош мамлекеттик институтун аяктап, физика жана математика боюнча адистикке ээ болгон. 1989- жылы Алматыдагы партиялык жогорку окуу жайында билимин өстүргөн.

1979 -жылы Орозова Карамат эмгек жолун Баткен айылындагы Ленин атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1980-1985-жж. Баткен райондук комсомол комитетинин үчүнчү жана биринчи секретары,

1985-1987-жж. Баткен районунун Советтик Кыргызстан совхозунун партиялык комитетинин секретары.

1987-1989-жж. Алматыдагы жогорку партиялык окуу жайынын угуучусу

1989-1991-жж. Баткен райком партиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы.

1991-1995-жж. Советтик Кыргызстан совхозунун идеологиялык маселелер боюнча директорунун орун басары.

1995-1999-жж. Баткен районундагы” Теремок” бала бакчасынын башчысы.

1999-2000-жж. Баткен районунун маданият бөлүмүнүн башчысы

2001-2010-жж. “Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмунун Баткен областындагы  аймактык өкүлү

2010 -жж. КР Жогорку Кенешинин 4 –чакырылышынын депутаты.

2010-жж. Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын башчысынын – губернаторунун милдетин аткаруучу

05.2010-жж. КР Өкмөтунө караштуу Социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу.

02.2011–жж. Кыргыз Өкмөтүнүн  Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун биринчи орун басары

15.05.2013–01.09.2015 жж. КР Жогорку Кенешинин 5 – чакырылышынын депутаты. Жогорку Кеңештин билим берүү,илим маданият жана спорт боюнча комитеттинин мүчѳсү.

04.11.2015- жж. КР Жогорку Кенешинин 6 – чакырылышынын депутаты. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттинин мүчѳсү.

Мекен алдында сиңирген эмгеги үчүн К.Орозова  Кыргыз ССРинин Жогорку  Советинин, Кыргызстан ЛКЖС БКнын (эки жолу), бир нече ирет Баткен райондук, Ош областтык мамлекеттик администрацияларынын, 2011-жылы  КР Жогорку Кенешинин Ардак Грамоталары менен сыйланган. 2010-жылдын Апрель элдик революциясынын баатыры тѳш белгиси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги (2011-ж), Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо отличниги жана  Кыргыз республикасынын “Даңк” медалынын ээси. Баткен райондук кенешинин үч жолку депутаты. 30.12.2014 ж. “Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси” деген 3-кластагы чени ыйгарылган. 2018-ж 31 август Баткен облусунун “Ардактуу атуулу” наамга ээ болду. 2018-ж 24- октябрь Кызыл-Кия шаарынын “Ардактуу инсаны” наамга ээ болду. 2018- ж. жергиликтүү ѳз алдына башкаруунун мыктысы. Эки баланы тарбиялоодо.