КСДП парламенттик фракциясы

Орозова Карамат Бабашевна

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312 63-90-96

1958- жылы 16-апрелде Ош облусунун Баткен районунун Баткен айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1979 - жылы  Ош мамлекеттик институтун аяктап, физика жана математика  боюнча адистикке ээ болгон. 1989- жылы Алматыдагы партиялык жогорку окуу жайында окуган.

Эмгек жолун 1979 -жылы Баткен айылындагы Ленин атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1980-1985-жылдары Баткен райондук комсомол комитетинин алгач үчүнчү, кийин биринчи катчысы;

1985-1987-жж. Баткен районунун Советтик Кыргызстан совхозунун партиялык комитетинин катчысы;

1987-1989-жж.  Алматыдагы жогорку партиялык окуу жайынын угуучусу;

1989-1991-жж. Баткен райком партиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

1991-1995-жж. Советтик Кыргызстан совхозунун идеологиялык маселелер боюнча директорунун орун басары;

1995-1999-жж. Баткен районундагы” Теремок” бала бакчасынын башчысы;

1999-2000-жж. Баткен районунун маданият бөлүмүнүн башчысы;

2001-2010-жж. “Демократия жана жарандык коом үчүн”  бейөкмөт уюмунун Баткен облусундагы аймактык өкүлү;

2010 –жылы КСДП партиясынын тизмеси менен IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

2010-жылы Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын башчысынын – губернаторунун милдетин аткаруучу;

2010-жылы КР Өкмөтунө караштуу Социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттиктин  директорунун милдетин аткаруучу;

2011–жылы Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун биринчи орун басары;

2013–2015- жылдары КСДП партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

2015- жылдын 4-октябрында КСДП партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылышынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.

“Мамлекеттик кызматтын 3-кластагы мамлекеттик кеңешчиси.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин , Кыргызстан ЛКЖС БКнын (эки жолу), 2011-жылы Жогорку Кенештин Ардак Грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги (2011-ж), Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо отличниги жана  Кыргыз республикасынын “Даңк” медалынын ээси.