КСДП парламенттик фракциясы

Строкова Евгения Григорьевна

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312 63-86-26

1965-жылдын 13-августунда Бишкек (Фрунзе) шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1990-жылы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтун бүтүрүп, “педагогика-психология” боюнча адистикке ээ болгон.

Эмгек жолун 1984-жылы Фрунзе шаарындагы №42 бала бакчада тарбиячы болуп иштөө менен баштаган.

1986 –1992-жылдары №103 бала-бакчада тарбиячы -методист болуп иштеген.

1992-1993- жылдары Бишкек шаарындагы № 25 орто мектепте мугалим болуп иштеген.

2003-2007-жылдары «Симера» борборунда «Көп тилдүү билим берүү» долбоорунда иштеген, Жарандык коомду колдоо борборунун ассоциациясында эмгектенген.

1993-2014- жылдары Бишкек шаарындагы №73 мектептин директорунун орун басары болгон.

2014-2015-жылдары Октябрь районунун билим берүү борборунун директору болуп иштеген.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократтар партиясынын  тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутат болуп шайланган.

 Бир баланын энеси.