Өмүрбаяны
1960-жылы 27-августа Казакстан Республикасынын Жамбул облусунун Кордай районунун Георгиевка айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1982-жылы Москвадагы Советтик соода институтунун экономист адистигин сырттан окуп бүткөн.
Эмгек жолу:
-1982-1995-жж. «Азия» АКсынын башчысы.
-1995-1997-жж. Кыргыз Республикасынын Туризм жана спорт министрлигинде башкы адис.
-1997-2006-жж. “Шумкар” АКсынын башкы директору;
- 2006-2014-жж. “Кыргыз Коньягы” ишканасынын башкы директору.
- 2015-жылдын 4-октябрында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
Сыйлыктар:
2010-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын медалы "Кызматташтык үчүн";
-КР ИММ медалы "Датка айым";
-"Финансылык рыноктун отличниги" төш белгиси
-"Экономика отличниги" төш белгиси
-"КР финансы министрлигинин отличниги" төш белгиси
Кошумча билим:
- МСФО сертификаты, 15.03.2000 ж.;
- "Бухгалтерлер жана Аудиторлор палатасынын" сертификаты, 22.11.2002 ж.;
-"Ишканалардын финансы-чарбалык ишин комплекстүү талдоонун " сертификаты, 14.11.2009 ж.;
"Эрнст & Янг" бизнес академиясынын сертификаты, 16.03.2012 ж. Алматы ш.
-Бухгалтердик жана финансылык эсепке алуунун Эл аралык сертификаты: " Diploma in International Financial Reporting Standards for Professionals"
Жесир, эки баланын энеси.