КСДП парламенттик фракциясы

Акаев Жанарбек Кубанычович

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312-63-85-87

1986-жылдын 13-декабрында Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында төрөлгөн.

Билими жогорку. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн.

2008-2014-жылдары “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматында эмгектенген.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-катчысы.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

Үй-бүлөлүү. Учурда бир уулду тарбиялоодо.

2011-ж. “Евразиянын алтын калеми” сыйлыгынын ээси.

2014-ж. Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун “Курч калем” сыйлыгын алган.