Шайназаров Тынчтык Урайимович

"Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-91-45

1974-жылы 27-февралда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мады айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1996-жылы Ош областынын Чоң-Алай районунун прокуратура органында мөөнөткер-тергөөчү катарында баштап, 1997-жылы Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасында тергөөчү болгон. 1999-жылдын февралынан 2001-жылдын ноябрына чейин Ош облустук прокуратурасынын кылмыштарды изилдөө үчүн көзөмөл боюнча бөлүмүндө прокурор болуп иштеген.

2001-жылдан 2007-жылга чейин Ош облустук прокуратурасынын улук тергөөчү кызматында, прокурор жана кылмыштарды изилдөө үчүн көзөмөл боюнча бөлүмүнүн начальниги болуп эмгектенген. 2007-жылы Ош шаардык прокурорунун улук жардамчысы, андан соң Ош облустук прокурорунун улук жардамчысы болуп иштеген.

2009-жылдын августунда Жалал-Абад шаарынын прокурордук кызматына дайындалган.

2010-жылдын ноябрында “Республика” саясий партиясынан V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.  

2010-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, ал эми 2012-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

2015-жылдын 4-октябрында “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлү, 5 баланын атасы.