Алтыбаева Айнуру Тойчиевна

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-86-16

1958-жылдын 28-февралында Ош шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча бүтүргөн, 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридикалык факультетин аяктаган.

1979-1997-жылдары Ош облустук аткаруу комитетинде ар кандай кызматтарда иштеген.

1997-2006-жылдары  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын  бөлүмдөрүндө иштеген.

2007-2008-жылдары  Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондунун төрагасынын кеңешчиси, Социалдык фондунун Свердлов районунун башчысынын орунбасары;

2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде консультант;

2010-жылы «Аялдар кенеши» коомдук бирикмесинин жана «Биримдик» демократиялык партиясынын төрайымы;

2010-жылдын октябрь айында «Ар-Намыс» саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган. 2012-жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы болгон.

2015-жылдын 4-октябрында КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй бүлөлүү, эки балалуу.

Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги;

Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык иштеринин отличниги;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак граматасы, КМШ ПААнын Ардак грамотасы менен сыйланган.

 «Акыйкат», «Мээримдүүлүк», «Датка айым» медалдарынын ээси