Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич

"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-91-53

1967-жылдын 16-августунда Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Таш-Көмүр шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1990-жылы Луцк мамлекеттик университетин боюнча, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “юриспруденция” адистиги боюнча, 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы “Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1991-жылы “Капитал” коммерциялык уюмунун директору болуп иштөө менен баштаган.

1996-жылы - “Бишкек-Тамекиси” АКунын башкармалыгынын төрагасынын орун басары.

1998-2004-жылдары - “Капитал-Контракт” ЖЧКунын башкы директору.

2000-жылы - Кыргыз Республикасынын Улуттук Бокс Федерациясынын президенти.

2004-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын курамаларын олимпиадалык даярдоо борборунун директору.

2005-жылы - Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттинин Төрагасынын орун басары.

2005-2006-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Төрагасынын орун басары.

2004-жылы - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. 

2006-2010-жылдары - Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын башкы консулу.

2011-2012-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору.

2015-жылы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика- Ата Журт” фракциясынын депутаты.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.