Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети

Алимбеков Нурбек Каарыевич

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312-63-91-46

Туулган жылы - 1975-жылдын 13-мартында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетинин «инженер-технолог» адистигин, 2000-жылы Ош технологиялык университетинин юридика факультетин, 2007-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит факультетин, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолун 2003-2005-жылдары «Алимбеков» биргелешкен ишканасынын директорлугунан баштаган.

2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин жетектөөчү адиси болуп иштеген.

2008-2010-жылдары жоопкерчилиги чектелген «Папан Курулуш» ишканасынын директору болуп эмгектенген.

2008-2010-жж. - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Свердлов райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси болгон.

2010-жылы «Республика» партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарыболгон.

2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясий партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2015-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайланган.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы