Өмүрбаяны
1961-жылы 21-августта Фрунзе шаарында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү.
1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Эмгек жолун ЭВМ Фрунзе заводунда инженер-программист болуп баштаган, кийин ошол эле заводдун программалоо бюросунун начальниги болуп дайындалган.
1987-1988-жылдары ЭВМ Фрунзе заводунда комсомол комитетинин катчысы.
1988-жылы Кыргыз ССРинин ЛКСМдин Октябрь райондук комитетинин Биринчи катчысы.
1990-жылы Кыргыз ССРинин ЛКСМдин Борбордук комитетининэкинчи катчысы.
1991-1992-жылдары Эл аралык бизнес-мектебинде окуган.
1994-жылдан 2005-жылга чейин жеке ишкердик менен алектенген.
2005-жылдын апрель айында «Кыргызгаз» Ачык акционердик коомунубашкы директору.
2007-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстар министри.
2007-жылдын декабрынан баштап 2009-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн башчысы – премьер-министри.
КРнын Өнүгүү фондунун директору болгон.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
2015-жылдын 4-октябрында «Бир Бол» саясый партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.