Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети

Мавлянова Махабат Эргешовна

Комитеттин төрагасынын орун басары

Телефон: 0312-63-86-15

1975-жылдын 6-мартында Ош облусундагы Ноокат районунун Кулатов айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1997-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик мехникалык университетинде "Инженер технолог" адистигине ээ болгон.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык академиясын бүтүргөн. 

2000-2009 жылдары «МБ-Компани», «МАБ-Ула», «Аида Компани», «Мэри-Клуб», «Капитал-Груп» компанияларында негиздөөчү катары иштеген.

2010-жылдан тартып «МЖА-Групп», «Мега МБЛ» жоопкерчилиги чектелген коомдордун жана «Жети Казына» Коомдук фондунун уюмдаштыруучусу жана негиздөөчүсү.

2015-жылы «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.