"Ата Мекен" парламенттик фракциясы

Иманалиев Каныбек Капашович

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312 63-87-33

1969-жылдын 11-майында Чүй областындагы Кемин районунун Кайыңды айылында туулган.

Жогорку билимдүү: 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. 1998-жылы Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Россия мамлекеттик кызмат академиясын (РАГС) «политология» адистиги боюнча аяктаган. 2002-жылы Москва шаарында (РАГС) кандидаттык диссертациясын жактаган, 2010-жылы болсо Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипакадемияда докторлук диссертациясын жактаган. Саясат таануу илимдеринин доктору.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1992-жылы «Асаба» эркин гезитинде корреспондент болуп баштаган, ал жерде 1994-жылга чейин иштеген.

1994–1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Пресс-кызматынын референти, 1996-жылдын январь айында Пресс-кызматтын жетекчилик ордуна дайындалган. 1996-жылдан 1999-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Пресс-катчысыболгон.

1999 – 2004-жылдары «Учкун» АКсынын президенти.

2000 – 2005-жылдары № 2 Жал округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутатыболуп шайланган.

2005-жылдын февраль айында № 62 Аламүдүн шайлоо округу боюнча III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.

2008-жылдан 2010-жылга чейин Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык байланыш боюнча проректору;

2010-2015-жылдары «Ар-Намыс» саясый партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Алгач Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитеттин мүчөсү, Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болгон.

2015-жылдын 4-октябрында «Ата-Мекен» саясый партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

2002-жылы КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын «Древо дружбы» («Достук багы») алтын медалы менен сыйланган.

Республикада көрүнүктүү журналист, публицист. Орус, англис, немис жана кытай тилдеринде басылган «Кыргызстан (Слово о Родине)» китебинин, «Жоогазын ыры» («Тюльпаны пустыни»), «Кыргызские притчи», «Алтынкөлдүн аккуусу», «Саякбай», «Тагай бий» повесттеринин жана «Арзуу ыры» ырлар жыйнагынын автору. Ошондой эле кыргыз элинин тарыхы, маданияты, этнографиясы жөнүндө макалалар жана маалыматтар жыйналган «Кыргыздар» басылмасынын 10 томдугунун түзүүчүсү.

2009-жылы анын «Каганат» (Сокровенное сказание кочевников) китеби КМШ өлкөлөрү катышкан-мамлекеттирдин эл аралык сынагында «Наш современник» номинациясындагы I даражадагы диплому менен сыйланган.