Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети

Мамашова Айсулуу Турусбековна

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312 63-90-57

1988-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 2008-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук унивеситетинин Эл аралык билим берүү программаларынын интеграциялоо инстутунун (ИИМОП) Кыргыз-Европа факультетин «Экономика жана башкаруу» адистиги боюнча бүтүргөн. 2008-жылы аталган окуу жайдын аталган институтунун «Экономика жана башкаруу» адистигине тапшырып, «Ишкердик башкаруу» адистигине ээ болуп, 2010-жылы магистр квалификациясын алган.

2005-жылы «Автоучкомбинат» ЖЧКсынын башкы директору болуп эмгектенген.

2009-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин «Фирма Дасмия» ЖЧКсынын президенти.

2015-жылдын 4-октябрында «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетинин мүчөсү.

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок.