"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Туманбаева Рада Мураталыевна

Фракция мүчөсү

Телефон: 0312 63-92-81

1970-жылдын 5-майында Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кербен айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1992-жылы Фрунзе политехникалык институтун «технолог» адистиги, 2013-жылы Ош технологиялык универститетин «экономист» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1992-жылы Шамалды-Сай отун-ашырып өтүү базасындагы «Урмат» МЖКда кадрлар бөлүмүнүн инспектору кызматынан баштаган.

1993-1998-жылдары Таш-Көмүр нан зоводунда технолог болуп иштеген.

1998-2002-жылдары – инженер, андан кийин Ош технологиялык университетинде «Азык-түлүк технологиясы» кафедрасынын мугалими.  

2002-2003-жылдары - КРнын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жаратылышты коргоо республикалык фондунун Киреше жана анализ бөлүмүнүн башкы адиси.

2004-2010-жж. – «Этникалык азчылыктын жана чет өлкөлүк жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча борбор» КФнын ыкчам байланыш корпоративинин координатору.

2010-2011-жылдары – «Радиус-Түштүк» ЖЧКын директору.

2011-2012-жж. - «Алик Транс» ЖЧКнын директорунун орун басары.

2012-2014-жылдары – «Бай Транс» ЖЧКнын директорунун орун басары.

2014-2015-жж. – «Аргымак Карго» ЖЧКнын директору.

2015-жылдын октябрынан ушул кезге чейин «Республика - Ата Журт» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты.

2015-жылдын ноябрынан тартып – КРнын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин мүчөсү.

Үй-бүлөлүү, эки баланын апасы.