Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети

Сыдыков Бактыбек Усенович

Комитеттин мүчөсү

Телефон: 0312 63-90-53

1970-жылы 18-июлунда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1993-жылы Москвадагы Мамлекеттик Техникалык университетин «инженер-механик» факультетин аяктаган.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясын “Мамлекетти башкаруу менеджменти” адистигин аяктаган.

Эмгек жолун 1994-жылы Кыргыз-Казак биргелешкен «ТриО-Б» ишканасынын Башкы директору болуп баштаган.

2000-2001-ж.ж. “Кыргыз-Дан-Азык” АКнын Мулк комплексинин директору.

2001-2005-ж.ж. “Кыргыз - Дан” АООТнун Башкы директору.

2005-2005-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Каржы Министринин кеңешчиси.

2005-2010-ж.ж. “Эл аралык Манас аэропорту” ААКнун Коммерциялык иштер боюнча Вице-президенти, Башкарманын Тѳрагасы

2011-2015-ж.ж. “АККА Компаниялар тобу” ЖАКнун директорлор Кеңешинин Тѳрагасы.

2015-ж. - “Республика- Ата Журт” партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI- чакырылышынын депутаты.

Үй- бүлѳлү, тѳрт баланын атасы.