Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Айнура Осмонова: Балдардын бактылуу балалыгы – биздин приоритеттүү милдетибиз!

06-11-2018
11:24

ЖК депутаты Айнура Осмонова 17-20-июлда Ысык-Көлдө өткөн «Кошумча билим берүү системасы менен жаш муундарды чыгармачылыкка тарбиялоодогу социалдык өнөктөштүк» аталыштагы илимий-практикалык конференцияга катышты.

Эл өкүлү конференциянын катышуучулары менен саламдашкандан кийин мындай иш-чаралардын тынчтык, туруктуу өнүгүү, сабырдуулук, бийлик өкүлдөрү, жарандык коом, жаштар жана эксперттер  ортосундагы социалдык өнөктөштүк сыяктуу маселелерде идея алмашуудагы ролу чоң экенин белгилеп өттү.

«1-июнда гана эмес, ушул сыяктуу туруктуу өткөрүлүп турчу иш-чаралар бизге балдардын,  келечек алдындагы  жоопкерчиликти күчөтүп, балдардын жашоого, эс алууга, татыктуу балалыкты өткөрүүгө, зордум-зомбулуктан алыс болууга укуктары бар экенин  эскертип турат. Белгилей кетсем, дүйнөдө 15 жашка чейинки балдардын саны 2 миллиардка жакын. Ар бир бала бактылуу болуп чоңоюшу керек. Ошондуктан биздин өлкөнүн, дүйнө коомчулугунун алдында чоң милдет турат. Ал – планетадагы ар бир балага татыктуу балалыкты камсыз кылып берүү», - деди депутат.  

Ошондой эле депутат энелер жана балдар институтун колдоого алууну күчөтүү зарыл экенине токтолду.

«Эне жана балдарды коргоо багытында көп иштер жасалууда, бирок бул жетишсиз, бул багыттагы иштерди күчөтүү зарыл. Уккан кулак сүйүнсүн, жыл сайын бизде төрөлүүлөрдүн саны көбөйүүдө, алардын ден-соолугуна жана физикалык жактан өнүгүүсүнө да өзгөчө көңүл буруу кажет», - деди Айнура Осмонова. Сөз соңунда ал балдарга бактылуу балалык каалап, алардын ар дайым ачык асман алдында чоңоё берүүлөрүнө каалоосун билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы