Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эльвира Сурабалдиева Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушту

06-11-2018
11:36

ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева 23-августта  Сокулук районунун Гаврилов жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.

Кызыл-Туу айылынын эли  негизинен  кожогат жана кулпунай өстүрүп келишет. Ошол себептен көп жылдардан бери алар өндүргөн продукцияны кайра иштетүүчү мини-завод куруу маселесин көтөрүп келатышат. Тилекке каршы, химиялык кошулмаларды жана жер семирткичтерди пайдалангандыктан, өндүрүлгөн продукциялардын сапаты эл аралык стандарттарга жооп бербейт. Андыктан өкмөт бул багытта улуттук программаны даярдап, ишке ашыруусу зарыл.

Эл өкүлүнүн бардык жолугушуулары суроо-жооп форматында өттү. Ата-энелер мектептерде компьютерлердин жоктугун, тамак-аштын сапаты начардыгын, окуучулар үчүн спорттук зал куруу зарылдыгын, ошондой эле тез жардам унаасы боюнча көйгөйлөрдү айтышты.

Булардан сырткары, жолугушууда  шаардын жанындагы айылга кичи автобус жүргүзүү зарылдыгын мэрге билдиришти. Жол кырсыктары көп катталгандыктан, жергиликтүү жашоочулар менен депутаттар чоң жолдон Моловодное айылына кеткен бурулушка кошумча светофор орнотуу керектигин айтышты. Бул кайрылыш жол Бишкек-Кара-Балта жолунунун ремонт жүрүп жаткан жеринде жайгашкан.

Гаврилов айыл өкмөтүндө да Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгүдөй эле ичүүчү жана сугаруучу суу маселеси көйгөйлүү болуп эсептелет. Жолугушууда белгилүү болгондой, бул максат үчүн өкмөт 9 млн. 600 миң сом бөлгөн, жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом бөлүнгөн. Мамлекеттик кызматкерлердин кайдыгер мамилеси менен жергиликтүү депутаттардын сабатсыздыгынан улам долбоорду ишке ашыруу көзөмөлгө алынбай, анын натыйжасында суу бүгүнкү күнгө чейин жок. Дээрлик 10 млн. сом кумга сиңгендей жок болуп олтурат. Жергиликтүү эл буга жол бергендерди жоопкерчиликке тартууну талап кылышты. Аксакалдар бул боюнча КР Президентине кирип, аймактык көйгөйлөрүн айтууга даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушууда башка да көптөгөн маселелер козголду. Алардын баары тиешелүү министрлик жана ведомстволорго жеткирилет.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы