Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КСДП фракциясынын лидери Иса Омуркулов кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт

06-11-2018
11:49

         Сиздерди   Кыргызстан социал-демократтар фракциясынын депутаттарынын атынан сүйүктүү мекенибиздин эң  улуу майрамы -республикабыздын көз карандысыздыгынын 27  жылдыгы менен кызуу  куттуктаймын!

         27  жыл  – адамдардын бир мууну алмашкыдай, ал эми көөнө тарых үчүн көз ирмемдей гана убакыт. Бул убакыттын ичинде элибиз, мамлекетибиз кылымдарга тете жолду басып өттү. Ага өзүбүз күбөбүз. Кыргызстан - эгемендүү,  адам укуктарына, социалдык күчтүү  саясатка  артыкчылык  берген демократиянын, эркин экономикалык мамилелердин өлкөсү катарында  бүткүл дүйнөгө таанылды. Элибиз ички, сырткы диктатуралардан бошонуп, цивилдүү дүйнөнүн бир бөлүгү катарында эркин өнүгүү жолуна түштү. Бирок, максат кылгандарды  жүзөгө  ашырып, азыркыдай абройго жетишүү жеңил болбоду. Эркиндикти сүйгөн элибиздин каарынан эки үй-бүлөлүк башкаруу кыйрады,тилекке каршы, жоготуулар да болду. Элибиз эгемендүүлүктүн, демократиянын жолунан  тайбоосу   үчүн ондогон баатырларыбыз өмүрлөрүн арнашты. Эгемендүүлүккө жеткенден да анын идеалдарынан тайбай, сактап өнүктүрүү кыйын боло тургандыгын эгемендик мезгили  көрсөттү. Бирок  кандай кыйынчылыктар  болбосун  элибиз  биримдиги  жана ынтымагы, эрктүүлүгү жана кайраттуулугу менен  кыйынчылыктарды жеңип, көз карандысыздыктын жолунда ишенимдүү келатат. Биздин парламенттик  башкарууну  өнүктүрүүгө, коомду реформалоого  жасап  жаткан аракетибиз - демократиянын, эркиндиктин,базардык экономиканын, жалпы адамзаттык баалуулуктардын жолунан тайбай тургандыгыбыздын күбөсү болуп саналат.

         Урматтуу  мекендештер!

         Көз карандысыздыгыбызды  бекемдеп, чыңдоонун алгачкы гана  этабын  басып өттүк. Сүйүктүү өлкөбүздү  дүйнөдөгү өнүккөн демократиялуу мамлекеттердин катарына кошуунун иши, түйшүгү  эми гана башталууда. Алдыбызда көптөгөн ашуулар, сыноолор, а мүмкүн кыйынчылыктар да турат. «Бир жакадан-баш, бир жеңден кол чыгарып» деп айтарлык биримдикте, ынтымакта иштесек, жашасак, илим-билимге, алдыңкы технологияларга ээ болуудан күч-аракеттерибизди аябасак,  асыл максаттарыбызга жетебиз,эгемендүү, күчтүү гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз!

         Мына  ушул  асыл максатты аткарууда бардыгыңыздар бекем ден-соолукта, аманчылыкта жана тынчтыкта, биримдикте жана ынтымакта кажыбас  кайрат менен албан-албан ийгиликтерге жетише берүүңүздөрдү каалаймын!  Жараткан биздин 27ге эми чыккан Кыргызстаныбызды колдоп, келечегин кең кылсын!

         Дагы бир жолу майрамыңыздар менен кымбаттуу агалар-инилер, эжелер жана карындаштар! Байгерчиликте бар болуңуздар!

Жогорку Кеңештеги

СДПК парламенттик фракциясынын

лидери Иса Омуркулов