Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эльвира Сурабалдиева Төмөнкү-Чүй жана Камышановка айыл аймактарынын жашоочулары менен жолугушту

06-11-2018
11:56

КСДПчы депутат Эльвира Сурабалдиева 28-августта Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй жана Камышановка  айылдык аймактарынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууларда жергиликтүү эл айылдагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Айыл Казакстандын Чу дарыясынын жээгинде жайгашкан. Ошол себептен дарыянын жээктерин суу жууп кеткендиктен, айылдагы жүздөгөн гектар сугат жана жайыт багытындагы жерлер жарактан чыгууда.

Эл өкүлү бул маселени Жогорку Кеңештин трибунасынан бир нече жолу көтөргөнүн айтты. Анын натыйжасында каржы бөлүнүп, жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок көйгөй ошол бойдон эле кала берүүдө.

Төмөнкү-Чүйдөгү 25 жыл мурда курулган бала бакча капиталдык ремонтко муктаж. Долбоорлорду ишке ашырууну каалаган инвесторлор жерлерди  трансформациялоого байланышкан көйгөйлөргө туш болушат. Бул маселе өлкөнүн бардык аймагында чечилген, бирок Сокулук жана Аламүдүн райондорунда ушул күнгө чейин чечилбей келүүдө. Анткени, дал ушул райондордо ири жер чырлары орун алат.

«Эл жер тилкелери кимдерге катталып жаткандыктарын билүү үчүн алардын фамилияларын сурашат. Ушу күндө инвентаризация аягына чыкты, ошондуктан өкмөткө кайрылам, жергиликтүү элдин  жер тилкелери кимдерге берилип жатканын билүүгө укуктары бар», - деди депутат айым.

Сокулук районундагы жолугушууга райондун акими да катышып, ал паспорт столдун кызматкерлеринин  орой мамилелерин  текшерүүгө алууну убада кылды.

Депутат Камышановка айылдык аймагында да болуп, кыргыз-казак чек арасында жайгашкан аскердик бөлүккө да барды. Эл өкүлү үч жыл мурда чек ара бөлүгүнүн абалы менен таанышып, чарбалык объектилерди куруу үчүн акча каражаты бөлүнгөн болчу. Жергиликтүү эл аталган чек ара бекетин ачуу талабын билдиришти. Аны менен экономикалык карым-катыш жөнгө салынып, райондун ондогон айылдардын жашоочуларынын турмуш-шарттарын жакшыртмак.

Мындан сырткары, Камышановка айылдык аймагынын эли транспорттук байланышты жөнгө салуу зарылдыгын айтышты. Жакынкы оорукана Жаңы-Пахта айылында жайгашкан, бирок 10 чакырым жол талкаланып бүткөндүктөн, Камышановканын жашоочулары 3 эсе узак аралыкты басып өтүүгө аргасыз болуп келишет. Транспорт министрлиги болсо жылда жазда жолдорду капиталдык ремонттон өткөрүүгө убада берип гана келүүдө.

Жолугушуунун соңунда депутат Эльвира Сурабалдиева айтылган, көтөрүлгөн маселелердин баарын тиешелүү министрликтерге, Өкмөткө жеткирип, алардын аткарылуусун көзөмөлгө алууга убада берди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы