Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Евгения Строкова: Онкология борбору бейтаптарды “Бона” менчик клиникасына жөнөтүп келүүдө

06-11-2018
12:06

Мындай пикирин эл өкүлү Социалдык маселелер боюнча комитттин 10-сентябрдагы жыйынында билдирди.

“Чоң  каржыны талап кылбаган реформалар бар, аларга  туура кадр саясатын жүргүзүү да кирет. Мен дагы бир жолу Улуттук онкология борборундагы башаламандыктар жөнүндө сөз кылгым  келип атат. Биз башында аталган борборго Тилеков директор болуп дайындалганда сүйүнгөнбүз, жакшы хирург, Гиппократтын антын сактайт деп ойлогон элек. Бирок ал Султангазиев менен тыгыз байланышта экенин, анын менчик “Бон” клиникасына дарыгерлердин убагында барып, операцияларды жасоосуна кызыкдар экенине көзөбөз жетти. Ал кээде бул жөнүндө унутуп калып, ачык айтып коюуда”, - деди Евгения Строкова.

Ошондой эле депутат өлкөдөгү онкологиялык оорулар арасында өлүмдүн саны жогору болуп жатканын, дүйнөдө рак менен ооруган балдардын 80 %ы сакайып кете турганын айтты.

“Бизде ооруга шылтап коюшат. Мен урушкум келбейт, бирок сиз онкология менен чындап иш алып барасыз деп ишенгим келет, тилекке жараша, сиз мурдагы министрден айырмаланып Султангазиев менен Тилековдун курсташы эмес экенсиз. Балдардын ооруларынан акча жасаганды токтотсоңор. Мен сиздин  катыштыгыңыз жоктугуна ишенем, бирок онкологияга көңүл бурсаңыз. Балдардын өлүмүнө кол жайып коюшту, алардын көбүнүн өмүрлөрүн сактап калса  болот эле”, - деди Евгения Строкова.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы