Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Дастан Бекешев: Көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландоо менен жүргүзүлүшү керек

06-11-2018
12:12

Мындай пикирин эл өкүлү Жогорку Кеңештин  13-сентябрдагы жыйынында билдирди. Ал Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр баш-аламан түрдө, социалдык маселелер эске алынбай курулуп жатканын айтты.

«Азыр Бишкектеги мектептерде окуучулар класстарга батпай кыйналып окуп келатышат. Бир класста  50 окуучу окуп жаткан болсо, кээ бир класстарда 30га жетпеген балдар бар. Ушул жерден бир маселени алдын албасак, эртең чоң көйгөйлер келип чыгышы мүмкүн. Учурда Бишкекте көп кабаттуу үйлөр баш аламан, өзүм билемдик менен курулуп атат. Курулуштан алыс адамдар курушууда. Алар эмне кылышат? Жеке турак-жайды жер тилкеси менен сатып алышат да, аны сүрдүрүп салып, көп кабаттуу үй тургузуп, элге сатышат. Бирок тилекке каршы, пландоо, эсеп-чот жок болгондуктан, кийинчерээк ал үйлөрдө жашачулар кайсыл мектептерге, кайсыл ооруканалага барарды билбей, кыйынчылыктарда дуушар болушу ыктымал.  Көп кабаттуу үй куруп жатканда ушул маселелер эске алынышы керек. Мектепти куруу пландуу болбой жаткандыктан, класстарга окуучулар батпай жатат. Ошондуктан бул маселени алдын алып, мындай курулуштар атайын уруксат, план менен курулушу керек. Болбосо, 4-6 жылдан кийин авто унаалардын тыгыны болуп көрбөгөндөй күчөп, чоң көйгөй келип чыгат», - деди депутат Д. Бекешев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы