Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

СДПК фракциясы Акыйкатчы кызмат ордуна Токон Мамытовдун талапкерлигин сунуштады

06-11-2018
12:19

КР Жогорку Кеңешинин СДПК фракциясынын бүгүнкү жыйынында депутаттар Акыйкатчы кызмат ордуна талапкерди сунуштоо маселесин карашты.

СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов фракциянын кароосуна төмөнкү адамдардан документтер келип түшкөнүн билдирди. Алар: Молдакун Абдылдаев, Урмат Аралбаев, Рахатбек Касымалиев, Рита Карасартова, Альберт Колопов, Токон Мамытов, Гүлназ Эргешова жана Токтайым Үмөталиева.

Талкуунун соңунда эл өкүлдөрү жогорку кесиптик жана жеке сапаттарын, өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо, этникалар аралык мамилелерди бекемдөө, миграция саясатын өнүктүрүү жаатындагы  мамлекеттик жооптуу  жетекчилик кызматтарды чоң тажрыйбасын эске алуу менен Токон Мамытовду СДПК фракциясынан бирдиктүү талапкер катары сунуштоо чечимин кабыл алышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы