Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин кызматкерлери ишембилик өткөрүштү

06-11-2018
12:24

Эл аралык тазалык күнүнө карата Кыргызстандын бардык жерлеринде ишембилик өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, Президенттик Аппараттын кызматкерлери да ишембиликке чыгып, тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликке Жогорку Кеңештин депутаттары, аппараттын, фракциялардын  катчылыктарынын  кызматкерлери да чыгышты. СДПК фракциясынан депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Асель Кодуранова, Максатбек Эгембердиев жана Музаффар Исаков катышты. 

Ишембиликтин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары жана кызматкерлери Бишкектин №4 шаардык ооруканасынын жанындагы бакты чөп-чарлардан, таштандылардан тазалашты.

Иш-чарага катышкан ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков ишембиликтерди өткөрүп туруу шаардын таза болуусуна өбөлгө болуп, чет элдиктердин ишенимин арттыра турганын айтты.

«Бир мисал келтирейин, Африкадагы Руанда өлкөсүндө мыйзамдуу түрдө айына 2 жолу ишембилик өткөрүлөт. Руанданын шаарларына барсаң таптаза, көчөлөрү, ишкана, турак-жайлардын короолору да дайыма таза болуп турат. Ал өлкөнүн кен-байлыктары, ресурстары жок, гориллалары гана бар. Бирок өздөрүнүн тазалыгы менен туристтерди кызыктырат. Биздин дагы ашып ташкан кен-байлыктарыбыз жок, ошондуктан мен ойлойм, адам ресурстарына, билим алуу менен кошо тазалыкка көңүл бурсак, экологиябыз таза болот, элибиздин саламаттыгы жакшы болот. Мына ошондо өлкөбүздүн келечеги кең болот», - дейт Ч. Турсунбеков.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы