Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Иса Омуркулов: Кадрлар пландуу түрдө даярдалып, өстүрүлүшү зарыл

06-11-2018
12:28

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин жыйынында депутаттар юстиция министри, КР өкмөтүнүн аппарат башчысы жана өнөр-жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу боюнча Мамлекеттик комитеттин башчысы кызмат ордуларына талапкерлер каралды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өз баяндамасында Өкмөттүн аппарат башчылыгына Шамилбек Асымбековдун, юстиция министри кызматына Марат Жаманкуловдун, өнөр-жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу боюнча Мамлекеттик комитеттин башчылыгына Эмил Осмонбетовдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө, СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов талапкер Шамильбек Асымбековго кайрылып, бул кызматка дайындалып калса кадр саясатын кандай жүргүзө тургандыгына кызыкты.

«Бардык жаңы жетекчилерге бир иш ыкмасы мүнөздүү, келсе эле массалык түрдө кызматкерлерди кетире башташат. Мындай схема натыйжасыз, өкмөттүн ишин үзгүлтүккө учуратып,  ырааттуулук принцибин жокко чыгара турганын көрсөттү», - деди Иса Омуркулов.

Ошондой эле фракция лидери кадрларды туура тандоого, жаңы кадрларды тарбиялап, өстүрүүгө өзгөчө көңүл буруу  зарыл экенин айтты. Ал белгилеп өткөндөй,  кадр саясатын бекемдеп, сапаттуу кадрлар резервин түзүүдө өкмөттүн Аппарат жетекчисинин жоопкерчилиги чоң.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы