Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Абдывахап Нурбаев губернатор институтун жоюп салууну сунуштады

06-11-2018
12:34

Мындай сунушун эл өкүлү Жогорку Кеңештин 19-сентябрдагы пленардык жыйынында билдирди.

ЖК  жыйынында өкмөт башчы М. Абулгазиев Өкмөттүн аппарат жетекчиси, юстиция министри жана өнөр-жай, энергетика, жер кыртышын пайдалануу боюнча Мамлекеттик комитеттин башчысы кызматына талапкерлер тууралуу маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө, депутат Абдывахап Нурбаев 2019-жылы күчүнө кирчү жаңы кодекстерди аткарууга даярдыктар кандай экенин сурады. Өкмөт башчы бул маселени ишке ашырууга каржылык кыйынчылыктар жаралганын белгилеп, 2018-жылы 190 млн. сом каралганын, 2019-жылы 350 млн. сом бөлүнгөнү жатканын айтты.

Эл өкүлү ошондой эле аткаруу бийлигин борборлоштуруу зарылдыгын айтып, өкмөт башчы акимдер менен түз иштешсе натыйжалуу болмоктугуна токтолду.

«Билим берүү тармагында көйгөйлөр көп. Учурда бир класста 60ка жакын бала окуйт, а бирок мугалимдердин маяналары көбөйгөн жок. Эгерде биз балдарыбызга жаркын келечек тартуулайбыз десек, анда билим берүүнүн сапатына көңүл буруп, мугалимдердин айлыктарын көтөрүүбүз  керек», - деди Абдывахап Нурбаев. Депутат буга жетишүү үчүн губернаторлук институтун  жоюп, андан үнөмдөлгөн акчаны мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүүгө жумшоону сунуштады.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы