Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Иса Омуркулов: Кадрларды кетирүүгө эмес, даярдап, өстүрүүгө көңүл бургула!

12-11-2018
13:54

Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Омуркулов Жогорку Кеңештин 19-сентябрдагы жыйынында айтты. Анда өкмөт башчы М. Абулгазиев өкмөттөгү бош турган кызмат орундарына талапкерлерди сунуштап, алардын басып өткөн жолдору  жөнүндө  маалымат берди.

Фракция лидери Иса Омуркулов өкмөттүн аппарат жетекчиси кызмат орунуна сунушталып жаткан талапкерге кайрылып, аткаруу органдарында кадрларды даярдап, өстүрүүдө өкмөттүн аппарат жетекчисинин ролу чоң экенине токтолду.

«Кадрлар баарын чечет, көп нерсе сапаттуу кадрлардан көз каранды. Ошол үчүн кадрларды өстүрүүгө, тарбиялоого, даярдоого өзгөчө көңүл буру зарыл. Бул маселе системалуу түрдө жүргүзүлүшү керек. А бизде кандай болот? Кызматтарынан кетирүүгө басым жасайсыңар. Ушундай жол менен маселени чечип келесиңер.  Андай болбошу керек», - деди И. Омуркулов.

Ошондой эле башкы КСДПчы өкмөт башчы  сунуштап жаткан талапкерлерди   аванс менен колдоого аларын, бирок аванстын да чеги болорун, эртең иштин жыйынтыгын суроочу мезгил келерин эскертип өттү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы