Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Дастан Бекешев уурдалган илимий иштерди жокко чыгарууга чакырды

12-11-2018
14:03

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясына кайрылып, диссертациялардын маалыматтык базасын ачык-айкын кылуу зарылдыгын белгиледи.

Мисал  катары эл өкүлү Орусиядагы «Диссернет» тармактык коомун айтты. Ал заманбап компьютердик технологиялардын жардамы менен плагиаттык  илимий  иштерди аныктап келүүдө.

«Диссернет» КРнын илимий даража алуу үчүн жазылган диссертациялык эмгектердин арасында башка окумуштуулардын илимий эмгектеринен көчүрүп алуулар болгонун аныктады. КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясы болсо маалымат базасын жаап койду. ЖАКтын маалымат базасы ачык болуп, коркпошу керек. Алынган илимий даражалар үчүн мамлекеттин бюджетинен аз да  болсо акча төлөнөт. Эгерде чындап эле сапаттуу илимий эмгектер болсо, алар коомчулукка ачык болуусу зарыл. Ачык болбосо, анда алар кимдер үчүн жазып жатышат?», - деп суроо салды депутат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы